Мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу mektep.edy.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт.
Биринчи этап:11-апрелден 27-июнга чейин -катталган жери боюнча.
Экинчи этап: 27-июндан 10-сентябрга чейин учурда жашап жаткан жери боюнча.
Кантип арыз берүү керек?
Арыз берүү үчүн төмөндөгү маалыматтарды ырааты менен толтуруңуз:
1.Баланын кимиси экениңизди көрсөтүңүз?
. атасы;
. апасы;
. мыйзамдуу өкүлү (бул пунктту таңдаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).
2. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү тууралуу маалыматтар:
. жарандыгы
. жеке идентификатциялык номери (ЖИН),аты-жөнү,паспорттук маалыматтары (сериясы,номери)
. уюлдук телефон номери;
. (логин жана пароль келе турган)негизги электрондук почтасы;
. Кошумча электрондук почтасы (электрондук почталар каттоо жазуусун калыбына келтирүү үчүн зарыл)
. Женилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат)
3. Бала тууралуу маалыматтар:
. Баланын жеке идентификатциялык номери(ЖИН),аты-жөнү,туулган датасы,жынысы;
. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы,номери.
4. Мектепти таңдоо:
Биринчи этап боюнча:
. каалаган окутуу тили;
. ата-энесинин катталган дареги боюнча системада тийиштүү мектеп автоматтык түрдө көрүнөт.
Экинчи этап боюнча:
. Каалаган окутуу тили;
. Областы/шаары;
. Арыз ээси бош орундар болгон учурда каалаган мектепти таңдай алат.
5. Арыз берерден мурда толтурулган маалыматтарды көрүп чыгуу:
. Арыз берерден мурда арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү талап кылынат;
. Арызыңыз тастыкталгандан кийин сиздин электрондук почталарыңыздарга мектепке кабыл алуу үчүн арыз ийгиликтүү берилгендиги тууралуу билдирме жөнөтүлөт.