Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Панфилов районуна караштуу А.Осмонов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби  башталгыч жалпы, негизги жалпы, орто жалпы билим берүү программаларын иш жүзүнө ашыруучу жалпы билим берүү мекемеси болуп эсептелет.

Жалпы билим берүү мекеменин максаты  билим берүү программаларын милдеттүү минималдуу мазмунун өздөштүрүүнүн негизинде окуучулардын маданий инсандыгын калыптандыруу болуп, коомдогу жашоого калыптануусун, туура тандоосун жана  жарандык билим берүү боюнча андан аркы өнүгүшүнө негиз болуп саналат.

А.Осмонов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин эски имараты 1929-жылы Акматжан деген татар улутундагы адамдын куйган кирпичи менен дубал көтөрүлгөн жана ал киши мектептин пайдубалын көтөрүүгөчоң салым кошкон. Ошентип мектеп 1929-жылы бүткөрүлүп ишке берилген.

1929-жылы Башталгыч класс

1935-жылы Жети жылдык мектеп

1947-жылы Башталгыч мектеп (согуштун кесепетинен)

1950-жылы Жети жылдык мектеп

1961-жылы Сегиз жылдык мектеп

1969-жылы орто мектеп,азыркы корпуска ушул жылдын декабрь айында көчүп киришкен.

1970-1971-окуу жылында А.Осмонов атындагы орто мектеп болуп аталган.

1935-1938-ж.ж. Дүйшөнбаев Сары-директор

1938-1941-ж.ж.Ашыралиев Шаршеналы-директор

1941-1944-ж.ж.Токторова Кулиша-директор

1944-1946-ж.ж. Төлөналиев Кожомкул-директор

1946-1947-ж.ж. Смакатин С- директор

1947-1948-ж.ж. Сатпаков баткыйбек-завхоз (согуштун кесетепинен)

1948-1949-ж.ж. Сатпакова Турсунай-завхоз (согуштун кесепетинен)

1949-1953-ж.ж. Көккөзов Момун-директор

1953-1956-ж.ж. Сыдыков Рыскул-директор

1956-1957-ж.ж. Акылбеков Нажип-директор

1957-1969-ж.ж. Момункулов Калый-директор

1969-1984-ж.ж. Сарымсаков Абдурасул-директор

1984-1989-ж.ж. Асанов Асимкул-директор

1989-1991-ж.ж. Шадыканова Кулсара-директор

1991-2008-ж.ж. Сабырбеков Бектурбек-директор

         Мектептин миссиясы:

  1. Окуучулардын өмурунун,ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу,социалдык жана укуктук жактан коргоону жүзөгө ашыруу;
  2.  Ар бир окуучунун жеке мүмкүнчүлүгүнө жараша шык-жөнөмдүү өнүктүрүү аркылуу сапаттуу  билим алууга жетишүү жана азыркы коомдо натыйжалуу окууга,иштөөгө жөндөмдүү,жашоодо өз ордун таба билген  өнүккөн инсанды тарбиялоо.

Мектептин директору: Нуркалиева Назира Баишовна (телефону:  +996708343548), nazira060375@gmail.com

Мектептин почтасы:  [email protected]

Мектептин вебсайты: https://aosmonov.mektebim.kg/

Уюштуруу-укуктук  формасы: мекеме

Менчик түрү: муниципалдык

Жайгашкан жери (дареги): Кыргыз Республикасы , Чүй областы, Панфилов району, Каптал-Арык айылы, Э.Жапаркулова көчөсү

 

Эмблема

 

Биз жөнүндө

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета